Ак-Бешим айылындагы колу жука үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылды


Чүй облусуна караштуу Чүй районунун Ак-Бешим айылында кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу Чүй районунун баш имам хатиби Сапарали ажы Акбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Ак-Бешим айылынын «Жунус-Ата» мечитинин жааматы тарабынан демилгеленип, ага жалпы мечит жааматы каражат топтошту.

Натыйжада айылдагы колу жука 20 үй-бүлөгө жалпы суммасы 35 000 сомдон ашуун каражатка күнүмдүк азык-түлүк алынып, таратылып берилди.

«Берешендик – бул Аллах Таала тараптан бериле турган адбан чоң сыпат. Ким берешен болсо, ал өзү эч качан эч нерсеге муктаж болбойт. Берешендик бул – канаат кылуу, сабырдуулук сымал адам баласынын тубаса байлыгы болгон сыпаттарды пайда кылат. Ошондуктан, аз болобу, көп болобу бергенге шашылалы. Учурдан пайдаланып «Жунус-Ата» мечитинин жааматына ыраазычылык билдирем», — деди Сапарали ажы Акбаев.