Алексеевка айылындагы мүрзөнүн айланасы тазаланып, жанына даараткана жана керектүү шаймандары коюу үчүн атайын кампа курулду


Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Алексеевка айылындагы мүрзөнүн айланасы тазаланып, жанына даараткана жана керектүү шаймандары коюу үчүн атайын кампа курулду.

Бул иш-чара Алексеевка айылындагы «Мадина» мечитинин жааматы жана айыл жаштардын демилгеси менен ишке ашып, ага айыл жаштары өздөрү каражат топтошкон. Бул тууралу «Мадина» мечитинин имамы Өмүрбек Жалиев маалымдады.

Анын айтымында, бул сооптуу иш-чараны айыл жаштары өздөрү көтөргөн.

«Ким, кандай, эмне болбосун баарыбир акыры бара турган жайыбыз бардыгыбыздыкы бир. Эртели-кеч баарыбыз кабыр жашоосуна дуушар болобуз. Эң акылдуу инсан өлүмдөн мурун өлүмдөн кийинкиге даярданган деп куттуу хадистерде келет. Жаш туруп, ушундай соопту иш-чараны уюштурган айыл жаштарына ыраазычылык билдиребиз. Бул да болсо айыл тургундарына абдан чоң жаңылык. Кудайым буюрса келечегибиз кенен экенинен кабар берет», — деди айыл имамы Өмүрбек жалиев.