Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов баш имам хатибдерге бир катар тапшырмаларды берди


Кечээ, 23-февралда Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов демилгелеген, казыят кызматкерлери жана райондук баш имам хатибтердин катышуусундагы кезектеги көчмө жыйын болуп өттү.

Аталган жыйын Милянфан айылындагы «Нур» мечитинде өтүп, ага Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери жана райондогу бардык баш имам хатибтер катышышты.

Иш-чара алкагында Чүй казысы өткөн айда берилген тапшырмалар боюнча баш имам хатибтердин отчетторун угуу менен башталып, аймактагы диний кырдаал талкууланды. Ар бир баш имам өз районундагы олуттуу маселелер боюнча токтолуп, кийинки айда аткарыла турган иштер боюнча тапшырмаларды алышты.

2 сааттан ашуун созулган иш-чарада негизинен болуп төмөнкү маселелер каралды:

1)     Жаз айлары жакындаганына байланыштуу мечиттердин айланасын тазалоо жана жашылдандыруу;
2)     Мечиттердин каттоосун катуу көзөмөлгө алып, тез аранын ичинде натыйжа көрсөтүү;
3)     Айылдагы имамдардын диний билимин жогорулатуу максатта окутууларды уюштуруу боюнча план түзүү;
4)     КМДБнын уставы менен жакшылап таанышып, кезектеги Курултайга карата сунуштар болсо, аларды расмий кат түрүндө казыяттын почтасына жиберүү;
5)     Эл ортосундагы ынтымак-биримдикти күчөтүү максатта иш-чараларды уюштуруу, баяндамаларды жасоо ж.б.

Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов өз сөзүндө баш имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакырып, натыйжалуу иш көрсөтүү боюнча талаптарын койду.

«Жараткан Аллах Тааланын жардамы ой-максаты бир болгон жааматка болот. Андыктан, максаттарыбызды, ниеттерибизди бириктирип, өлкөбүзгө чын ыклас менен кызмат кылалы. Аймактагы диний кырдаал боюнча биз жоопкерчиликтүүбүз. Ошондуктан, бул жүктү сезип, натыйжалуу иш алып баралы. Берилген тапшырмалар так аткарылсын. Дин үчүн кызмат көрсөтө берели. Сообун Жараткан Аллах Өзү берет», — деди казы Руслан ажы Жумагулов.

Акырында кийинки жыйындын убакты-сааты белгиленип, имамдар бир айлык тапшырмаларын алып кетишти.