Кара-Кулжа районунда ысырапкорчулукту жана ыксыз чыгымдарды алдын алуу маселеси каралды

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кара-Гуз айыл аймагында райондун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаевдин демилгеси менен ысырапкорчулукту жоюу, ыксыз чыгымдарды алдын алуу жана мамлекеттин экономикасына салым кошуу маселеси талкууланды.

Иш-чарага Кара-Кулжа районунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев, айыл өкмөт Дагыбек Мамишов жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.

Жыйында Кара-Кулжа районунун башкы имам хатиби Дастан ажы Мамаев ысырап кылуу Ислам дини тыюу салган терс көрүнүштөрдөн экенин баса белгилеп, журтубузду сарамжалдуу болууга чакырды.

«Ыйык Куранда «Жегиле, ичкиле бирок ысырап кылбагыла» деп келет. Бүгүнкү күндө атаандаштык күчөп, курулай бир мактаныч күч алып олтурат. Мына ошонун натыйжасында өлкөбүздүн экономикасына таасирин тийгизүүдө. Чет өлкөдө айлап, жылдап эмгектенип жүргөн мекендештерибиздин ак эмгегин эки күндүк той-топур же болбосо Ислам дини тыюу салган арам нерселерге эмес соопту иштерге жумшайлы», -деди Дастан ажы Мамаев.