Дин кызматкерлери медиа сабаттуулук боюнча атайын окуудан өтүшүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү бардык облустук казяттардын алдында эмгектенген дин кызматкерлери үч күнгө созулган медиа сабаттуулук боюнча атайын окуудан өтүшүүдө.

Дин кызматкерлери бул тренингден кол телефондо кайсыл программа менен фото сүрөттү кантип тартуу керек, аны кантип иштетсе болоорун жана ошол эле смартфондо видео тартуунун жол жобосун, кайсыл программа менен топтошту (монтаж) өздөштүрүүдө.

Ошондой эле бүгүн тренер Марат Токоев мультимедиалык материалдарды даярдоого колдонулуучу мультимедиалык форматтар менен онлайн аспаптарды пайдаланганды үйрөтөт, андан тышкары 3 күндүн ичинде чыр чатактардын чыгуусунун себептерин, аларды чечүүнүн жолдорун айтып беришмекчи.

Окутуу Internews in Kyrgyzstan уюму ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында, өткөрүлүүдө.

Окутуунун тренерлери медиа эксперт, тренер “Журналисттер” КБ мүчөсү Марат Токоев жана “Журналисттер” КБ төрагасы, медиа тренер Марс Тулегенов.