Ат-Башы районунун баш имам хатиби райондогу мектептерди кыдырды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун баш имам хатиби Абдулла Тахиров райондогу бардык орто мектептерди кыдырып чыкты. Бул тууралуу Ат-Башы райондук хатибиятынан билдиришти.

Маалым болгондой, баш имам хатиб Абдулла Тахиров Ат-Башы  районунун  мекеме жетекчилери менен биргеликте  райондук бардык айылдарындагы айылдардагы орто мектептерде окуучулар жана алардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда орто мектептеринин окуучуларына жана ата-энелерге экстремизм жана терроризмди алдын алуу, мугалимдерге сый-урмат кылуу, билимге умтулуу өз баян

«Жаштар келечек ээлери силерсиңер. Билимди терең алгыла, мугалимдерди сыйлагыла, ата-энеге урмат кылгыла. Кудайым буюрса силер билимдүү, илимдүү, адеп-ахлактуу болсоңор мамлекетибиз бир заматта өнүгүп кетээрине шегим жок»,- деди баш имам хатиб.