Жумгалдын Дыйкан айылында мындан ары спирт ичимдиктери сатылбайт

Нарын облусунун Жумгал районунуна караштуу Дыйкан айылынын жаштары айылдагы спирт ичимдиктерин талкалап, жок кылышты. Бул тууралуу аталган айылдын имамы Тилек Сабырбек уулу билдирди.

Анын билдиргенине караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-февраль күнү Дыйкан айылынын жергиликтүү жаштары айылдагы ичкиликке жана спирт ичимдиктерин сатууга каршы чыгышып, айылдагы дүкөндөрдөгү спирт ичимдиктерин чогултуп, аларды төгүштү.

«Жергиликтүү айыл жаштары менен биргеликте айылдагы тургундарды ичкиликтен алыстатуу максатында дүкөндөрдөн спирт ичимдиктерин сатып алып айыл четиндеги таштанды төгүүчү жайга барып төгүштү. Буга чейин айыл жаштары жергиликтүү тургундарды ичимдиктерди сатып алууга жана дүкөн ээлерине сатпоо боюнча өз сунуштарын беришкен. Дүкөн ээлери дагы макул болушту»,-деди Тилек Сабырбек уулу.

Бүгүнкү күндө ошол дүкөндөрдө сатыкта калган ичимдикти айыл жаштары акча каражатын чогултуп сатып алышса, айрымдарын карызга алуу менен баарын алып чогултуу менен жок кылышты.

«Кудайга шүгүр айыл жаштары, кайдыгер карабаган айыл тургундары бул демилгени жапа тырмак көтөрүп, айылда экинчи спирт ичимдиктерин сатпоо боюнча пикирге келишти»,- деди айыл имамы.