Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев Ак-Талаа районунда «Билим Кербени» долбоорунун алкагында окуучулар жана ата-энелер менен жолугушту

Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев облус аймагына жасаган илимий сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы Кош-Дөбө, Чолок-Кайың, Кара-Бүргөн айылдарында “Билим Кербени” долбоорунун алкагында окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамбетасан ажы Ибраев балага туура тарбия берүү, мугалим, ата-эне, окуучу ортосундагы мамиле жана бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон Интернет тууралуу айтып берди.

«Максатты бийик коюп, кайраттуулук менен алдыга умтулгула. Жашпыз деп убакытка алданбай, азыртадан көздөгөн максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла. Убакыт силерди күтүп турбайт. Албетте, ой-өрүшүңөрдү өнүктүрөм десеңер, анда көп-көпдөн китеп окугула»- деди.

Б.Календеров атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Салтанат Баеванын айтканына караганда, мындан тышкары окуучулар үчүн атайын спикерлер Талант Ниязбеков жана Кошой Мөндүрбаев билим, кесипке туура багыт берүү, ыйман, адеп тууралуу лекцияларды окушту.

Жолугушуу андан ары суроо-жооптор менен уланды.  Бул жолугушуу эркин маанайда өтүп, окуучулар, ата-энелер өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алышты.