Чоң-Алайда ИИМдин өкүлдөрүнүн катышуусунда мечит имамдарына жыйын болду

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда ИИМдин өкүлдөрүнүн катышуусунда мечит имамдарына жыйын болуп, мечитке келген жаш муундарга Ыйык Куран илимин үйрөтүү, келечек муунга туура-таалим-тарбия берүү жана жаштардын илим деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланды.

Иш-чарага Чоң-Алай районунун башкы имам Хатиби Эрмекбей ажы Ташбеков, ИИМдин өкүлдөрү жана районго караштуу мечит имамдары катышты.

«Мечитке келген өспүрүмдөрдү күндүзгү убакыттардын биринде окутуу салыштырмалуу жакшыраак болчудай. Себеби  алар караңгыга калбастан өз үйлөрүнө эрте барууга тийиш. Айрымдары мечитке деп түн ичинде башка тараптарга (көчөгө, досторго ж.б эс алуучу жайларга) кетип калуусу да ыктымал. Мечит шылтоо катары колдонулбоосу зарыл», — деди Эремекбай ажы Ташбеков.