Кара-Сууда спирт ичимдиктердин сатылбоосу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Кара-Суу райоунун Отуз Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Кыш-Абад айылында ысырапкорчулукту алдын алуу жана спирт ичимдиктери сатылган жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул иштин негизинде жети дүкөнгө эскертүүлөр берилип, спирт ичимдиктерин сатылуусуна бөгөт коюлду. Бул демилге Кыш-Абад айылынын Кыш-Абад мечитинин  имамы Абдималик Батыров жана айыл тургундары тарабынан көтөрүлүп, айылдын аксакалдар кеңеши жана ИИМдин өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.

«Чындыгында Алла Таала арам кылган нерседе береке болбойт деген. Ким бир жамандыктын башаты жана себечиси болуп берген болсо, ал инсан ошол иште мейли өзүнүн башына салбаса да, жаман ишти аткаргандай өзүнө зыян табат. Кимде-ким жакшылык жана сооптуу ишке себепчи боло турган болсо, ошол амалды аткаргандай сооп алат»,- деди Кара-Суу районун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Иш-чаранын негизинде дүкөн ээлери пайдалуу кеп-кеңештерге кулак салышып, элдин сунушун колдоого алышты.