Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев медиа сабаттулук боюнча окуудан өткөн дин кызматкерлери менен жолугушту

Бүгүн, 25-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү казыяттардын алдында эмгектенген дин кызматкерлери үчүн уюштурулган 3 күндүк медиа сабаттуулук боюнча окуу тренинг жыйынтыкталды.

Окуунун жыйынтыктоочу күнүндө Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев дин кызматкерлери менен жолугушуп, аларга коомдо кездешип жаткан ар кандай терс маалыматтарга каршы турууда мындай окутуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.

«Азыркы коомдо соцтармакта адамды каралаган, бурмаланган, такталбаган маалыматтар каптап кетти. Мындай учурда ал маалыматтын чын бышыгын аныктоодо, элге туура жана так маалымат жеткирүүдө ушундай окуу тренингдер маалымат чөйрөсүндө иш алып барган дин кызматкерлерине дагы керек. Алар бардык нерсе менен кабардар болуп, медиа тармагын терең өздөштүрүшү керек»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Белгилей кетсек, дин кызматкерлери бул тренингден мультимедиалык материалдарды даярдоону, онлайн аспаптарды пайдаланганды, чыр чатактардын чыгуусунун себептерин, аларды чечүүнүн жолдорун үйрөнүп чыгышты.

Окутуу «Журналисттер» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, Internews in Kyrgyzstan уюмунун колдоосу менен ишке ашырган “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” аттуу долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

Окутуунун тренерлери медиа эксперт, тренер “Журналисттер” КБ мүчөсү Марат Токоев жана “Журналисттер” КБ төрагасы, медиа тренер Марс Тулегенов жүргүздү.

Эскерте кетсек, буга чейин ушундай эле тренинг КМДБнын түзүмүндөгү 9 казыяттын маалымат катчылары арасында өткөрүлгөн.