Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланды

ИИМ алдындагы Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын уюшулганынын 30 жылдык мааракесине карата, Ысык-Көл Облустук Ички Иштер Башкармалыгынын  ЭММКАКы  менен биргеликте  диний экстремизм жана мыйзамсыз миграция багытындагы кылмыштар менен күрөшүүдө зор салымын кошкондугу үчүн Балыкчы шаарынын хатибиятынын башчысы Чойбек ажы Исакунов Ардак грамота менен сыйланды.

Сыйлыкка утурлай Балыкчы шаарынын хатибиятынын кызматкерлери экстремизм жана терроризмдин алдын алуу багытында жергиликтүү тургундар менен бирге жыйындарды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишет.

“Балыкчы калаасынын хатибияты укук коргоо органдары менен көп жылдардан бери тыгыз иш алып барып келет. Аталган кызматташуунун алкагында коомчулуктагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багыты, тактап айтканда коомчулуктун радикалдашуусуна алып келе турган жагымсыз көрүнүштөргө бөгөт коюуга аракетин жумшап келебиз. Бул багытта көбүн эсе түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, басымды биринчи кезекте жаштарга жасап жатабыз. Мындай иштер алдыда дагы да улана бермекчи,”— деди Чойбек ажы Исакунов.