Ош облусунда «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Бүгүн, 27-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Имам Ат-Тирмизи» медресесинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурусуна кызмат өтөгөн адистерге түшүнүрүү иштери жүргүзүлүп, конкурска даярдыктар башталды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, маалымат бөлүмүнүн адиси Манас Азимбай уулу, хатибият кызматкерлери, медресе мүдүрү Азатбек Көчкөнбаев жана медресе окутуучулары катышты.

Сынак башталаарга саналуу убакыт калганда Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев бүгүнкү жарыш эң жоопкерчиликтүү иштерден экенин баса белгилеп, бул жаатта олуттуу көңүл буруу зарылчылыгына токтолду.

«Бүгүн эң жоокерчиликтүү иштерди аткаруудабыз. Бул жарыш мурдагы болуп өткөн конскурстарга салыштырмалуу башкача форматта өтөт. Кудай буюрса өзү эсептөөчү компьютердин жардамы менен жеңүүчүлөрдү аныктайбыз. Бардык катышуучулар өздөрүнүн аттырын жана катышып жаткан китептердин тизмесин туура толтуруусу керек», — диди Нурбек кары Орунбаев.