Жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка жана мусулмандардын ыйык китеби болгон Курани Каримди сүйүп жаттоого кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибияты тарабынан Муратбек ажы Убайдулла уулунун демөөрчүлүгү менен 1 пара жана 2 пара Куран жаттаган жаштар арасында сынак уюштурулду.
Сынакка, жергиликтүү Умаркул кары Коймуратов, Адыл кары Абдиев, Баатыр кары Темирбаев калыстык кылып, Жыйынтыгында 1 пара Куран жаттагандар арасында Нурулло Абдибаитов 1-орунду, Нурланбек уулу Төрөкул 2-орунду, Марат Темирбаев 3-орунду камсыз кылышты. Ал эми 2 пара Куран жаттагандар арасында 1-орунду Хабиб Ахматов, 2-орунду Нурбек Батыров, 3-орунду Нуриддин Абдухалилов ээледи.
Куран жарыштын соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай жана баалуу белектер, ошондой эле Лейлек районунун Хатибияты тарабынан ыраазычылык барактар тапшырылды.