Лейлек районундагы жаштар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Жаштарды адептүүлүккө,  ыймандуулукка жана мусулмандардын ыйык китеби болгон Курани Каримди сүйүп жаттоого кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибияты тарабынан Муратбек ажы Убайдулла уулунун демөөрчүлүгү менен 1 пара жана 2 пара Куран жаттаган жаштар арасында сынак уюштурулду.

Сынакка,  жергиликтүү Умаркул кары Коймуратов, Адыл кары Абдиев, Баатыр кары Темирбаев калыстык кылып, Жыйынтыгында  1 пара  Куран жаттагандар арасында  Нурулло Абдибаитов 1-орунду, Нурланбек уулу Төрөкул  2-орунду, Марат Темирбаев 3-орунду камсыз кылышты. Ал эми 2 пара Куран жаттагандар арасында  1-орунду  Хабиб  Ахматов,  2-орунду Нурбек Батыров, 3-орунду Нуриддин Абдухалилов  ээледи.

Куран жарыштын соңунда жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга акчалай жана баалуу белектер, ошондой эле Лейлек районунун Хатибияты тарабынан ыраазычылык барактар тапшырылды.