Араванда казыяттын эмгек жамааты менен райондун башкы имам хатибдерине көчмө жыйын болуп өттү

Ош облусуна караштуу Араван райондук хатиябиятында казыяттын эмгек жамааты жана райондун башкы имам хатибдерине көчмө жыйын болуп, айлык отчетторду өз убагында тапшыруу, мечиттердин каттоо иштерин жүргүзүү, улуу Рамазан айына даярдыктарды баштоо жана көчмө жыйындарды башка аймактарда улантуу маселелери каралды.

Жыйынга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын эмгек жамааты жана облуска караштуу райондун баш имам хатибдери катышты.

Дин кызматкерлери менен болгон жолугушууда облусу казысы Самидин кары Атабаев кызмат орду аманат экенин баса белгилеп, КМДБнын жана казыяттан келген буйруктарды так аткарууга чакырды.

«Бардык иш-чараларга активдүү катышуу зарыл. «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсун ийгиликтүү өткөрүп алдык. Жакында куттуу Рамазан айы келе жатат. Эл-журтубузга ислам дининин асыл баалуулуктарын туура жана так жеткирүүбүз керек»,  — облус казысы.