Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев «Аль Мумин Хадиджа» коомдук кайрымдуулук фондунун кызматкерлерин ыраазычылык баракча менен сыйлады

Бүгүн, 1-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Бишкектеги «Аль Мумин Хадиджа» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган иш-чарага катышты.

Иш-чарада Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев коомдук фонддун эл үчүн жасаган кайрымдуулук иштерин баса белгилеп, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.

Муну менен катар Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан аталган фонддун дин жолунда аялдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында элибиздин биримдик, ынтымакта жана бакубат жашоодо, уул-кыздарыбызды адеп-ахлакка, ыймандуу жашоого тарбиялоо боюнча илим үйрөтүүгө кошкон салымы үчүн фонддун бир катар кызматкерлерине ыраазычылык баракча тапшырды.