Сүйүмбек ажы Жусубалиев: Спорт – ден соолуктун булагы, ынтымактын башаты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев «Ынтымак лигасы» тарабынан уюштурулган спорттук мелдешке катышып, Ислам дининдеги спорттун орду, ден соолук аманат экендиги жана бүгүнкү күндө жалпыбыз үчүн эң керектүү болгон ынтымак менен биримдиктин маанилүүлүгү боюнча баяндама жасады.

«Спорт – ден соолуктун булагы, ийгилиги – ынтымактын башаты. Мындай спорттук иш-чаралар дайыма башыбызды бириктирип, алдыга умтулууга түрткү берет эмеспи. Спорттук оюндар ден соолукту чыңдоодо абдан чоң роль ойнойт. Бүгүнкү мелдешке катышкан  ар бир команда мыкты даярданышыптыр»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Жалпысынан 22 команда ат салышып, өз күчтөрүн сынап көрүшкөн. Спорттук мелдештин акырында жеңүүчүлөргө атайын ыраазылык баракчалар жана атайын кубоктор берилди.