Нарында мечит имамдары жана дин кызматкерлери “Фикх” китеби боюнча билимдерин сынашты

Бүгүн, 27-февраль күнү Нарын облусунун Кочкор районунда жана Нарын шаарында «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурусунун алкагында “Фикх” китеби боюнча сынак өткөрүлдү.

Конкурстун сынагына Нарын облусунун аймагынан келген имамдар, окутуучулар, диний кызматкерлер катышты. Сынак Нарын шаарындагы Нарын медресесинде Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын райондорунан жана Нарын шаарынан келген имамдар үчүн өткөрүлдү.

Ал эми Кочкор жана Жумгал райондорунун имамдары үчүн Кочкор айылында өттү.  

Нарын облусунун мусулмандар казысынын орун басары Эрик Молдокулов сынакка катышуу үчүн келген имамдарга, окутуучуларга жана жана диний кызматкерлерге ийгилик каалады.

«Диний кызматкерлер үчүн уюштурулган конкурс абдан жакшы жөрөлгө. Имамдардын билим деңгээлинин көтөрүү жана стимул берүү менен гана чектелбестен алардын дагы китептерди көбүрөөк окууга шыктандырып жатат. Бүгүнкү сынакты ийгиликтүү тапшырып алыңыздар»,- деди Эрик Молдокулов.

Республикалык китеп окуу конкурсу 5 китептин негизинде өттү. “Билимдүүгө дүйнө жарык” китеп окуу конкурсунун алкагында:

    1. Мечит имамдары жана диний кызматкерлер “Фикх” китеби боюнча;

     2. Окуу жай устаздары “Усул хадис” китеби боюнча;

     3. Диний окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор “Усул фикх” китеби боюнча.

   Бардык жарандар үчүн “Окуган муун жарын келечек” китеп окуу конкурсу боюнча:

   4. “Мусулмандын адеби”

   5. “Фыкх Ас-Сира”

Сынактын жыйынтыгы ушул жылдын 13-мартында чыгарылат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу салтанат менен өткөрүлөт. Баш байге Бишкектен бир бөлмөлүү батир. Мындан тышкары калган орундарга Умра сапары жана акчалай сыйлыктар, баалуу белектер берилмекчи.