Ош облусунда «Билимдүүгө дүйнө жарык» китеп конкурсу өткөрүлдү

Бүгүн, 27-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Имам Ат-Тирмизи» медересесинде жана Өзгөн районуна караштуу «Мухаммад Закир» медресесинде «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп сынагы өткөрүлдү.

Сынактын жүрүшүнө «Имам Ат-Тирмизи» медресисине Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев көз салса, «Мухаммад Закир» медерсесине казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол ажы Бакиров көзөмөлдүк кылды.

Сынакка облуска караштуу имамдар, медресе окутуучулары, илим талап кылуучулары жана окурмандар катышты.

«Ноокат районунда имамдар жана илим талап кылуучулар абдан активдүү катышты. Биз аларга сынактын жүрүшү жана эрежелери менен тааныштырып, эреже бузууларга жол бербөө максатында атайын казыят, хатибият жана медресе окутуучуларынан турган жумушчу топ түздүк. Тестин жыйынтыгын калыстар тобуна жөнөтмөкчүбүз»,-  деди Нурбек каары Орунбаев.

Сынак санитардык-коопсуздук эрежелердин сакталуусу менен өткөрүлдү.