Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дыйкан айылында спирт ичимдиктери дүкөндөрдөн алынып, алар төгүлдү. Бул туурасында Ат-Башы райондук мусулмандар хатибияты билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 1-март күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылында спирт ичимдиктерин сатпоо жана сатып алууну токтоттуу максатында айылдагы дүкөн ээлеринен спирт ичимдиктерин сатып алышып, аны төгүшкөн.
«Дыйкан айылынын имамы Нуркалый Ибраевдин демилгеси менен айыл башчы жана айылдын жаштары спирт ичимдиктери сатылган эки дүкөндүн ээлери менен сүйлөшүп, андагы болгон спирт ичимдикдерин 19 миң сомго сатып алышып, жок кылышты. Айылдагы дүкөн ээлери мындан ары арак сатпоого убада беришкен. Бул иш-чараны айылдын эли жалпы колдошуп, арактын айынан жаштар бузулуп, үй-бүлөлөр ажырашып жаткандыгын айтышты»,— деп билдиришти хатибияттан.