Араванда мечиттер каттоодон өткөрүлөт

Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда элибиздин ынтымагы, биримдиги жана мечиттерди мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды.

Иш-чара Төө-Моюн айыл аймагынын жыйындар залында башталып, калган бөлүгү айылдын борбордук мечитинде уланды. 

Жыйынга Араван районунун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусупов, Төө-Моюн айыл аймагына караштуу имамдар, айыл өкмөт башчы Мирлан Оррозбаев, Араван районундагы ИИМдин онунчу бөлүмүнүн жетекчиси милициянын подполковниги Дүйшөн Жолдубаев, ИИМдин кызматкери Нурсултан Канатов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мечит имамдары катышты.

«Ош облустук мусулмандар казыяты жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы каттоодон өтө элек диний идараларды мыйзамдаштыруу боюнча тапшырмаларды берди. Каттоодон өтө элек мечиттерибизге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да жардам берүүгө даяр. Алдыңкы аралыкта Араванда каттоодон өтө элек бир да мечит калбайт деп ишенемин», — деди Алибек ажы Жусупов.