Ысык-Көлдө дааватчылардын билимин жогорулатууга багытталган окуу курстарынын экинчи айлампасы жыйынтыкталды

Ысык-Көл облустук мусулмандар казыятынын демилгеси менен уюштурулган дааватчылардын билимин жогорулатуучу окуу курстардын экинчи айлампасы аяктады.

Аталган окуунун жүрүшүндө Жети-Өгүз, Түп, Ак-Суу райондорунан жана Каракол шаарынан келген 10 катышуучуга Ханафий мазхабындагы «Ислам таануу» (фыкх, акыйда, Куран тажвид) боюнча сабактар өтүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

Туура бир ай мурун башталган окуу бүгүн жыйынтыкталып, катышууларга тийиштүү сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.

«Окуу курстар ийгиликтүү аяктады. Буга чейин жыл башында да атайын дааватчыларга окуу уюштурганбыз. Анда да 15 киши билим алып кеткен. Мындан сырткары имамдар үчүн да окуулар өтүлдү. Аларга да эки айлампа менен сабактарды өткөнбүз. Ушуну менен быйыл окуу курстарын уюштурууну токтото турууну чечтик. Бирок кийинки жылы бул багыттагы иштерибиз уланат»,- деди Талантбек Акылбек уулу.

Айта кетсек, аталган окуулар Жети-Өгүз районунун борбордук мечитинде орун алып, сабактарды облустук казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Талгат Соноев, Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу жана шариат адистери Данияр Алышбаев менен Максат Кадырбеков өттү.