Кочкор районунда Куран курсун окугандарга сертификаттар, ал эми мугалимдерге сыйлыктар берилди

Нарын облусунун Кочкор айылында Куран курсун ийгиликтүү бүтүргөн аялдарга сертификат берилди. Бул тууралуу Нарын казыятынын алдындагы аялдар бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, Кочкор айылындагы аялдар бөлүмү 1997-жылдан бери иш алып барып келет. Быйылкы Куран үйрөнүү курсуна катышкан эже, апаларга Куран курсун ийгиликтүү бүтүргөндүгү тууралуу сертификаттар берилди.

Ошондой эле аталган аялдар борборунда көп жылдан бери үзүрлүү кызмат кылган 5 мугалимге Нарын казыятынын Ардак грамотасы тапшырылып берилсе, 30 аялга ыраазычылык барагы тапшырылды.

«Кочкор районунда көп жылдан бери аялдар борбору иш алып барып келүүдө. Бул аралыктан бери үзүрлүү эмгектенип келген эжелерге ыраазычылык кат жана Ардак грамотасы берилди. Динибиздин асыл баалуулуктарын жайылтууда жана Куран үйрөтүүгө салым кошкон эжелерге ыраазычылык билдиребиз»,-дешти аялдар борборунан.