Нарын казыятынын энелер мектеби бүтүрүүчүлөргө сертификаттарды тапшырды

Нарын облусунун мусулмандарынын казыяты алдында түзүлгөн энелер мектеби Рамазан айына даярдык катары окууга катышкан аялдарга сертификат тапшырды. Бул тууралуу Нарын казыятынын алдындагы энелер мектебинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мектеп тарабынан Рамазанга даярдык катары 2 жумалык намаз марафонунда 15 аял киши окууга катышкан. Алардын ичинен  7 айым толук 5 маал намазын жаттап, намаздарын окуп башташты.

«Окуу курсун бүгүнкү күндө дагы өтүп жатабыз. Кийинки окуу курсу 15 мартта кабыл алынат. Окууга катышып, Куран үйрөнөм, намаз окуйм деген эжелерибизге, апаларыбызга эшигибиз ачык»,- деп билдиришти казыяттан.