Баткен шаарында кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 10-мартта Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин 9, 10, 11-класстарынын окуучуларына экстремизмдин алдын алуу, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында чоң иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чара Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага Баткен ШИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери соцпедагоктор, мектеп мугалимдери жана Баткен шаарынын баш имам хатиби катышты.

Жыйында өспүрүмдөргө билим алуунун зарылдыгы, убакытты туура пайдалануу жана адептүүлүк боюнча насааттар айтылды.

«Пайгамбарыбыздын хадисинде: “Мусулман деген-бул башка мусулмандар колунан жана тилинен зыян тартпаган болсо, ошол киши чыныгы мусулман болуп саналат”,- деген. Ошондуктан Ислам дини тынчтыкка моюн сунуу деген маанини билдирет. Момун мусулман Ислам динин кабыл алгандан кийин эң биринчи тынчтык деген нерсени бекем карманышыбыз керек. Ислам дининде билим алууга чоң маани берген жана ар бир аял, эркекке милдет кылынган»,-деди Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы Юнусов.