Баткен районунун баш имам хатиби Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов Баткен райондук мамлекеттик  администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

“Баткен райондук хатибияты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен көп жылдардан бери тыгыз иш алып барып келет. Аталган кызматташуунун алкагында коомчулуктагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында, терс көрүнүштөргө бөгөт коюуга аракетин жумшап келебиз. Бул багытта көбүн эсе түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, басымды биринчи кезекте жаштарга жасап жатабыз. Мындай иштер алдыда дагы да улана бермекчи”,-деди Муа ажы Жолдошов.