Араванда мечит имамдарына акыйда сабагы боюнча баяндама жасалды

Ош облусуна  караштуу Араван районундагы борбордук мечитте районго караштуу мечит имамдарына жыйын болуп, имамдардын ар сайын берүүчү отчеттору каралып, акыйда сабагы боюнча баяндама жасалды.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын эмгек жамааты, облуска караштуу бардык райондун башкы имам хатибдери жана Араван районунун имамдары катышты.

Иш-чарада Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев имамдардын илим-билим деңгээлин жогорулатуу жана анын ичинде акыйда билимин тереңдетүү максатында  атайын  окуу курстарын, семинарлар, тренинг жана конференцияларды уюштуруу зарыл экенин баса белгиледи.

«Акыйда меселесине өтө кылдаттык менен карап, илим алгандардын маалыматтык булактарын туура тандообуз керек. Мындан тышкары Матуриди  аалымдарынын эмгектерине көз салуубуз кажет», — деди облус казысы.

Ошондой ээле казыяттын фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат уулу жана Кара-Суу районунун башкы имам хатиби Абдирашит ажы Батыров мечит имамдарына акыйда жана илим алуунун маанилүүгү боюнча өздөрүнүн баяндамаларын жасашты. 

Жыйынтыгында Араван районунун башкы имам хатиби  Алибек ажы Жусуповго хатибияттын ишмердүүлүгүн жогорку деңгээлде жүргүзгөнүнө байланыштуу дин кызматкерлеринин белектери тапшырылды.