Ош облустук казыятынын кызматкерлери калемгерлер арасындагы сынакта мыкты орундуктарга жетишти

Кечээ, 10-март күнү Ош шаарындагы Рысбай Абдыкадыров атындагы улуттук филармонияда «Мээрим Пайгамбар (с.а.в) Мухаммедди даңазалайлы» аттуу ведеоролик жана калемгерлер сынагы жыйынтыкталды.

Ага Ош облусттук мусулмандар казысынын жардамчысы Иманбек Азизилла уулу катышып, 2-орунду багындырса, казыяттын фатва бөлүмүнүн адиси Баястан Марат уулу 3-орунду ээлеп, акчалай сыйлык жана дипломдорго ээ болушту.

«Казыяттын кызматкерлери 180 калемгерлердин ичинен суурулуп, өздөрүнүн мыкты экенин дагы бир жолу далилдешти. Алар Пайгамбарыбызга (с.а.в) болгон сүйүүсүн дал ушул калеми аркылуу чагылдырып бере алышты. Алган белектери кут боллсун. Акыретте бардык мусулман бир туугандарыбызга Пайгамбарыбыздын (с.а.в) шафаатынан насип кылсын», — деп билдиришти казыяттан.