Ош шаарында «Мээрим пайгамбары Мухаммед» (САВ) аттуу долбоордун алкагында сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

«Адеп Башаты» диний уюму Ош филиалынын демилгеси жана «Примов» фондунун демөөрчүлүгү менен уюштурулган,
«Мээрим пайгамбары Мухаммед» (САВ) аттуу долбоордун алкагында, Мээрим пайгамбары Мухаммедди (САВ) даңазалоо максатында жарыяланган видео роликтердин жана макалалардын сынагы соңуна чыкты.

Сынакты жыйынтыктоо аземи 10-март күнү жалпы коомчулуктун катышуусунда Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров атындагы улуттук филармонияда болуп өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгына жараша, мыктылардын мыктысы аныкталып, тийиштүү белектер тапшырылды.

Салтанаттуу кечеге кыргыз элинин белгилүү дин аалымдары, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев жана көптөгөн китептердин автору, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев катышып, эки дүйнөгө пайдалуу болгон баалуу сөздөрүн айтып өтүштү.

Иш-чаранын жалпы катышуучуларына ыраазылык билдирип, мындан ары да руханий, маданий жаатта ары жемиштүү, ары пайдалуу иш-аракеттерди биргеликте аткаруу менен, коомубузга пайдалуу боло алабыз деген терең үмүттөбүз бар.