Коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга кошкон салымы үчүн Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби мэрияынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын алууга, ага каршы күрөшүүгө багытталгын иш-чараларга активдүү катышканы үчүн Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Артык Мадаминов Сүлүктү шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Бул сыйлык кыйын кырдаалда жарандарга ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү жана коомчулукту жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу боюнча тарбиялык, адеп-ахлак эрежелерин түшүндүрүү багыттында кошкон салымы үчүн берилди.

Сыйлыкты Сүлүктү шаарынын  мэринин орун басары Бовек Эргашев тапшырып, Артык ажынын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады.