Ош облусундагы «Абдыжапар» атындагы Ислам институту кошумчу кесиптик билим берет

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Абдыжапар» атындагы Ислам институтунда  мугалимдер жамаатынын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда окуу-тарбия иштерин реформалоо, мугалимдердин квалификациялык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, студенттерге  Ханафий мазхабынын негизинде диний билимдерди мыкты деңгээлде берүү жана мындан башка бир канча маселелер каралды.

Иш-чарага «Абдыжапар» атындагы Ислам институтунун ректору Нурбек кары Орунбаев, институттун окуу иштери боюнча проректор Туйчиев Алтынбек жана институттун эмгек жамааты катышты.

Жыйында Нурбек кары Орунбаев студенттердин илим-билим деңгээлин жогорулатуу зарыл экенин баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө студенттерге берилип жаткан диний билимдерди жакшыртып берүү жана аларды келечекте мыкты адис болуп жетилүүсү, диний илим алуу менен катар атайын кесипке ээ кылып чыгаруу күндүн негизги талабы», — деди институт ректору Нурбек кары Орунбаев.

Ал эми окуу жайдын проректору Алтынбек Туйчиев студенттерге кошумча кесиптик окутууларды уюштуруу зарылчылыгына токтолду.

«Институтта мындан ары студенттерге кесиптик билимдерди жогорулатып берүүнүн үстүндө келишимдер түзүлүп жатат. Студенттерге диний окуудан сырткары ширетүүчүлүк, айдоочулук, кыздарга болсо тигүүчүлүк, ашпозчулук окуулары кирүүсү зарыл. Бул жаатта башка окуу жайлар менен келишим түзүп, анын үстүндө иштөөдөбүз», — деди Алтынбек Туйчиев.

Жыйында мугалимдер да институттун ар тараптуу өнүгүүсүнө ойлорун ортого таштап, сунуштарын беришти. Жыйындын соңунда институттун мындан аркы ишмердүүлүгүн жакшыртууда атайын план иштелип чыкмай болду.