13-мартка белгиленген “Билимдүүгө дүйнө жарык” жана “Окуган муун жаркын келечек” аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасына даярдыктар башталды

Бүгүн, 9-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган Республикалык “Билимдүүгө дүйнө жарык” жана “Окуган муун жаркын келечек” аттуу китеп окуу конкурсунун 13-мартка белгиленген жыйынтыктоочу иш-чарасына даярдык иштерин жүргүзүү боюнча отурум болуп өттү.

Жыйынга Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, КИУнун проректору Авдибаси Матраимов жана конкурсту өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Жыйында калыстар тобунун мүчөлөрү конкурстун жыйынтыгы жарандарга ачык айкындуулук менен өткөндүгүн тастыктоо максатында сынака катышкандардын көрсөткүч баллы “Нова” билим берүү мекемесинде атайын заманбап, электрондук жабдуунун жардамы менен эсептелик чыкканын айтышты.

Бул жолку сынакка жалпы 15 миңге жакын окурман катышты. Алардын ичинен жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгондор сыйлыкка көрсөтүлүп, упайлары тең болуп чыкса чучукулактын негизинде жеңүүчү аныкталат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанаты 13-мартта Бишкек шаарында Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлмөкчү.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-февраль күнү Респбулика боюнча китеп окуу конкурсу 5 китептин негизинде өткөрүлгөн. 

“Билимдүүгө дүйнө жарык” китеп окуу конкурсунун алкагында:

    1. Мечит имамдары жана диний кызматкерлер “Фикх” китеби боюнча;

     2. Окуу жай устаздары “Усул хадис” китеби боюнча;

     3. Диний окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор “Усул фикх” китеби боюнча.

   Бардык жарандар үчүн “Окуган муун жарын келечек” китеп окуу конкурсу боюнча:

   4. “Мусулмандын адеби”

   5. “Фыкх Ас-Сира”

Баш байге Бишкектен бир бөлмөлүү батир. Мындан тышкары калган орундарга Умра сапары жана акчалай сыйлыктар, баалуу белектер берилмекчи.