Ош шаарында өспүрүм балдарга белектер берилди

Ош шаарынын “Саудия” ресторанында “Хадия” коомдук фонду тарабынан Ош шаары жана Ош облусундагы региондордон келген 300гө жакын жетим балдар үчүн сый тамак уюштурулуп, кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Иш-чаранын катышуучуларына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өспүрүмдөргө жылуу маанай тартуулаган уюштуруучулардын иштерине ийгиликтерди каалады.

“Жазда үрөөн себип, күзүндө жыйнап алгандай бул дүйнөдө кылган жакшылык иштердин үзүрүн акыретте аласыздар. Берешендик менен өткөргөн кайрымдуулук иштериңиздерден Аллах ыраазы болсун”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, “Хадия” фонду Ош шаары жана Ош облусунун райондорунда көптөгөн кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет.