Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Мекенге болгон сүйүү” деген темада өз баяндамасын жасады

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Инсан таануу” коомдук бирикмеси тарабынан “Семетей” кинотеатрында уюштурулган семинарга катышып, “Мекенге болгон сүйүү” деген темада өз баяндамасын жасады.

Семинардын жүрүшүндө Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарды сапаттуу билим алууга жана жоопкерчиликтүү болуусу үчүн акыл насаатын айтып өттү.

“Жаштар биздин келечегибиз. Ар ким өзүнүн колунан келген жумушун мыкты аткарса, мекенибиз өнүгөт. Айрыкча сабаттуулукка көңүл буруу керек. Жакшы окуп, ийгиликке жетүүңөр да Мекенге кошкон салымыңар. Жүрүм-турумуңарды оңдоп, адептүүлүк менен ата-энеңердин ак кызматыңарды калгыла”,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.