Ош шаарында Рамазан айына карата даярдыктар башталды

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит имамдарына Борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде жыйын өткөрүлүп, жаз мезгили келгендигине байланыштуу мечиттерде ишембилик өткөрүү жана Рамазан айына даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди. 

Жыйындын жүрүшүндө Рамазан айында ар бир мечитте катмы Куран окулуусу талап кылынып, тез арада катмыга өтүүчү карыларды тактоо милдеттендирилди. Ошону менен бирге ишембилик өткөрүүдө мечиттин айланасына мүмкүнчүлүк болушунча көбүрөөк дарак отургузуу жана жолдогу таштандыларды тазалоо керектиги айтылды. 

«2020-жыл Рамазан айын үйдөн чыкпастан өткөрдүк. Мына эми бул жылы мүмкүнчүлүк болушунча мыкты деңгээлде өткөрөлү. Ар бир мечит катмы Куранга өтө алуучу шакирттерди даярдасын. Эгер жок болсо, диний окуу жайлардан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп карыларды тандасын»,- деди Убайдулла ажы Сарыбаев.

Айта кетсек, 2019-жылы каттоодон өткөн 78 мечиттин баарында таравих намазы окулуп, анын ичинен 65 мечитте Куран катмы окулган. Бул жылы каттоодон өткөн 81 мечиттин дээрлик баарында катмы Куран окуулусу үчүн иш аракеттер жүрүп баштады.