Москва шаарында мекендештер КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевге BMW 535 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты

Москва шаарында эмгектенген мекендештер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевге BMW 535 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты.

«КМДБнын Россиядагы өкүлү дин аалымдарын Россияга алып келип, жарандарыбызга Ислам дининин баалуулуктарын, мазхаб, акыйдабызды түшүндүрүүдө мээнети чоң. Андыктан биз бул эмгегин баалап, автоунааны белек кылууну эп көрдүк»,-дешти Москвадагы мекендештер.

Ал эми КМДБнын Россиядагы өкүлү өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, Ислам дини тынчтыктын дини экендигин айтып, чет жерде эмгектенген мекендештерибиздин ар кандай агымдарга кирип кетпөөсү, үй-бүлөнү сактоодо жана соода-сатык маселесинде дагы да болсо дин аалымдары жана Орусия Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен иштеше бере тургандыгын билдирди.