Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  белгилүү дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум атаңызды Өз ырайымына алып, Бейиштин төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандардын Дин Башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев