Нарын районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун Нарын районунун аймагында жергиликтүү тургундар арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди.

Анын билдиргенине караганда, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте райондун 15 айыл аймагында  калктуу конуштарында үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу максатында үймө-үй кыдырууну жана мектеп окуучуларга, ата-энелерге, мугалимдерге жалпы калкка түшүндүрүү иштерин  жүргүзүштү.

Жолугушууда  жашы жете элек балдарга ырайымсыз мамилени,  үй-бүлөлүк зордук зомбулукту, өспүрүмдөр  арасындагы суицидди, эрте никеге турууну алдын алуудагы түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Анда ата-энеси миграцияга кеткен балдарды көзөмөлгө алуу багытындагы кыдыруулар  райондун прокурору,  райондук имам, райондук билим берүү жана ички иштер бөлүмдөрү, райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн  адистери менен биргеликте 2021-жылдын 2-мартына чейин жүргүзүлүп,  алыскы Каракужур жана Орук-Там айылдарында   жыйынтыкталды.

Кыдыруунун  жыйынтыгында ата-энеси миграцияга  кеткен балдарды убактылуу багып  жаткандарга,  балдарды багуу жана тарбиялоо жоопкерчилиги аларга жүктөлөөрү  жана ата — энесинин камкордугусуз калган балдарга мыйзамдуу камкорчу дайындоо боюнча түшүндүрүү иштери  жүргүзүлүп, тишелүү органдардын көзөмөлүндө болоору эскертилди.