Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жалпы Кыргыз элин куттуктады.

«Мамлекеттүүлүгүбүздүн улуттук символу болгон туубуз бийиктикке желбирей берсин. Мамлекеттик туу күнүн белгилеп жатып, жалпыңыздарды мекенибизди көздүн карегиндей сактоого, сыйлоого, урматтоого чакырам.  Уул-кыздарыбызды, жаштарыбызды баарыбыз жапа тырмак мекенибиздин өсүп-өнүгүшүнө салым кошууга үндөп, ыймандуу, билимдүү, адеп-ахлактуу муунду тарбиялап чыгаралы. Мамлекетибизге кыянаттык кылбай, ар бирибиз колубуздан келген салымды аябайлы. Ал үчүн мекенибизде оболу тынчтык менен биримдиктин болуусу зарыл. Ар бир кыргызстандык “Мамлекет үчүн эмне кылдым?” деген суроону алдыбызга коелу. Келгиле өнүгүүгө кадамды өзүбүздөн баштайлы. Ала-Тообуздун асманы ачык болуп, журтубузда бейпил жашоо ыроолосун»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Белгилей кетсек, мамлекеттик тууну  легендарлуу парламент 1992-жылдын 3-мартында кабыл алган эле.