Ислам дини эл ортосундагы ынтымакка чакырат

Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук – боордоштук жашоого үгүттөйт.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаралган. Эч ким ата – бабаларынын кыйындыгына мактанбасын. Кимде – ким бул айтылгандын тескерисин жасаса, Аллахтын алдында кадыр – баркы өтө төмөн болот».

Момун мусулмандардын бардыгы эч бир улут, урууга карабастан бир тууган болгондон кийин, ар бир мусулман менен өзүңдүн боордош бир тууганыңдай мамиле кылуубуз керек. Ынтымакта, тынчтыкта жашоо, бардык адамзатка жакшы мамиле кылуу – Аллахтын ырайымына бөлөй турган сыпат.

Адамдардын жан-дүйнөсүндө таза сезимдер, ойлор жана ниеттер гана болууга тийиш. Жүрөгү таза адамдын ыйманы да күчтүү болот.

Сүйүктүү мусулман бир тууганым! Бизге азыр  туруктуулук, ынтымак менен сабырдуулук абдан зарыл болуп турат.

Аалымдар айтышкан: «Ачууга алдырып кийин өкүнүп кала турган иштен алыс бол!». Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) «Сабыр – биринчи сыноо келгенде сабыр кылган адам» деп, ал эми кийин сабыр кылган ал чыныгы сабыр эмес экендигин эскерткен. Алланын алдындагы эң сүйкүмдүү инсан ал тилинен дагы, колунан дагы башкаларга зыян бербеген инсан. 

Кылым карыткан элибиз бекеринен «ынтымак бар жерде ырыс бар»,-деп бекеринен айтышпаса керек.  Башыбызга келген оорчулукту талашуу менен эмес, сабырдуулук  менен жеңилдетпейлиби? Кыйынчылыкты жеңүүнү, кырдаалды жөнгө салууну дүрбөлөңгө түшүү менен эмес бири-бирибизди сыйлоо, түшүнүү жана ынтымак менен чечпейлиби?

Ислам – адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдеп, бөлүнүп-жарылуу, бүлгүн салуу, бузукулук кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү жок кылууга негизделген улуу дин. Кудай Таала жиберген  бардык элчилердин пайгамбарлык озуйпасы ушул. Бардык пайгамбарлар элди ушуга чакырган. Алсак, Шуаьйб пайгамбардын (алейхис салам) коомуна кайрылып:
“Мен колумдан келишинче араңарды бириктирүүнү каалаймын” — деп айтканы Куранда келет (Худ сүрөсү, 88-аят).
Муса пайгамбар (алейхис салам) бир тууганы Харунга кайрылып: “Мен келгенче коомумду башкарып тур, алардын арасын бириктир, бузукулардын жолуна ээрчип кетпе!”
– деп суранат (Аьраф сүрөсү, 142-аят).

Азыр  кыргыз эли үчүн ыймандуулук, абийирдүүлүк, ынтымак-ырашкерлик, сабырдуулук, биримдик аба менен суудай керек болуп турган учур. Мындай кырдаалда ар кандай чагымчылыкка жана кызыл кандуулукка алдырбайлы. Уруш-жаңжал менен эч бир маселе чечилбейт. Эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салып, абалдын турукташып кетүүсү үчүн Алла Тааладан жардам сурап дуба кылалы.

Жараткан Алла Таалам элибизге, жерибизге тынчтык, амандык, биримдик, сабырдуулук жана кайраттуулукту берсин.