Чүй облусундагы колу жука үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен жардам берилди


Кече, 29-апрель күнү Дин иштери боюнча Түрк-Ислам бирлиги Чүй облусунун мусулмандар казыяты менен биргеликте, Чүй облусундагы жардамга муктаж, колу жука 100 үй-бүлөгө Ыйык Рамазан айынын урматына күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр менен толтурулган майрамдык баштыкчаларды таратышты.

Аталган соопту иш-чара Чүй облусуна караштуу, Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» борбордук мечитинде уюштурулуп, ага казыят кызматкерлери жана Түрк элчилигинен атайын өкүлдөр катышышты.

Иш-чара алкагында Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов элди Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле жалпы элдин ынтымагы үчүн дуба кылып, мындай кайрымдуулук иш-чаралар облустун ар бир хатибиятында уюштурулуп жатканын айтты.

«Аллах Тааланын жардамы менен бир аз болсо да муктаж үй-бүлөлөргө майрамдык маанай тартылоо максатта, Түрк элчилиги менен биргеликте бул иш-чараны уюштурдук. Учурда казыятка 100 үй-бүлөгө ылайыкташкан азык-түлүк келип, бардыгы таратылды. Эми дагы 100 социалдык баштыкча облусубуздун батыш тарабында таратылмакчы»,-деди Чүй казыятынын кызматкери Элизар Ажыбаев.

Белгилей кетсек, иш-чаранын жүрүүсүндө ар бир үй-бүлөгө 5 кг ун, 3 кг макарон, 3 л суумай, 3 кг күрүч, 2 кг шекер, туз жана чай тапшырылды.