Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун студенттери менен жолугушуп, аларды адептүүлүккө чакырды


Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев ОшМУнун студенттерине «Кесиптик маданият жана коомдук, турмуштук адеп-ахлак» деген темадагы тегерек столуна катышып, «Адеп-ахлак» туурасында өз баяндамасын жасады.

Тегерек столдун максаты коомдо болуп жаткан ар түрдүү жат көрүнүштөрдүн, зордук-зомбулуктун жана кесиптик кайдыгерликтин алдын алуу. Студенттерди таалим-тарбия, руханий адеп-ахлактыкка, патриоттуулукка жана эл журтуна ак кызмат кылууга чакыруу.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош шаарындагы ЭлТР телеканалынын кызматкери, белгилүү журналист Талант Канатбек уулу, укук коргоо органдары, окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты.