Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев «Кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу» деген темада өз баяндамасын жасады


Кечээ, 29-апрел күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев №7 Нариман мектеп-гимназиясынын окуучуларына  «Кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу» деген темада өз баяндамасын жасады. 

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, укук коргоо органдары, мектеп мугалимдери, окуучулар жана ата-энелер катышты.

Лекциянын соңунда суроо-жооп болуп, окуучулар өздөрү кызыккан диний суроолоруна жооп ала алышты.