Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев чек арадан жабыркаган элге жардам берүү үчүн Баткенге жөнөп кетти


Бүгүн, 1-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев чек арадан жабыркаган Баткен элине жардам берүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев менен чогуу Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Ниматулла ажы Жээнбеков, Ош облусунан казысы Самидин кары Атабаев жана Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев дагы бар.

Сапардын алкагында Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын атынан чек арадан жабыркаган жана каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө акчалай жардам бермекчи. Муну менен катар маркумдарга багышталып Куран окулуп, чек арадан жабыркаган элден кабар алмакчы.