Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облустук казыятында чукул жыйын өткөрдү

Бүгүн, 1-майда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдеттин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Баткен облустук мусулмандар казыятында чек арадан жабыркаган элге жардам көрсөтүү боюнча чукул жыйын өткөрүп, облустагы кырдаал тууралуу маалымат алды.

Жыйынга өлкөнүн түштүк аймагындагы казылар жана Баткендеги район-шаарынын баш имам хатибдери катышты. Алар менен биргеликте КМДБ тарабынан бериле турган жардамды өз дарегине максаттуу жеткирүү боюнча пикир алышты.

Азирети Муфтийинин милдеттин аткаруучу оор мезгилде Баткен жергесине жардам көрсөтүү ар бир жарандын атуулдук  милдети экендигин баса белгилеп, гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан мекендештерге ыраазычылыгын билдирди. 

«Кыйын мезгилде Баткен жергесине жардам көрсөтүү ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Андыктан мындай учурда колубуздан келген жардамбызды аябайлы. Мамлекетибиз тынч болсо, өлкөдө бакубат жашоо орнойт. Бакубат жашоону куруу ар бирибизден көз каранды»,-деди Жоробай ажы Шергазыев.