Жалал-Абадда “Аз-Захра” балдар медресесинин эски имараты бузулуп, ордуна жаңы 3 кабаттуу болгон медресенин курулуш иштери башталды

Кечээ, 29-апрелде Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасында жайгашкан “Аз-Захра” балдар медресесинин эски имараты бузулуп, ордуна жаңы 3 кабаттуу болгон медресенин курулуш иштери “Жаңы муун” коомдук фонду тарабынан демилгеси тарабынан башталды.

Курулуштун башталышында Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Жээнбеков Нематулла ажы капсула салуу менен баштап, куруучулардын ишине ийгиликтерди каалады.

Аталган медресе 2005-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Эскерте кетсек, “Аз-Захра” медресесинин мүдүрү Рустамбек уулу Нурдинбек карынын айтымында, жаңы курулуп жаткан медресенин ачылуу аземи октябрь айында өткөрүлмөкчү.