Араванда бардык мечиттер дезинфекциялоодон өткөрүлдү

Бүгүн, 29-апрелда Ош облусунун Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусуповдун демилгеси менен Араван районуна караштуу бардык мечиттер коронавирус илдетин алдын алуу максатында  дезинфекциялоодон өткөрүлдү.

Дезинфекциялоо иштери дин кызматкерлери жана адистер менен биргеликте аткарылып, бир жумадан бери бардык мечит дезинфецияланууда.

«Коронавирус илдетин алдын алуу максатында атайын санитардык эрежелерди сактоо зарыл. Биз алгач мечиттерди тазалап, андан соң районго караштуу бардык мечиттерди дензинфекцияоодон өткөрүп бүттүк. Колубуздан келишинче санитардык нормаларды сактоого аракет кылуудабыз. Кызмат көрсөткөн бардык жаранга ыраазычылык билдирем», — деди Алибек ажы Жусупов.