Бишкек шаарындагы мечиттерде кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулуп турат

Урматтуу мекендештер, кадырлуу момун мусулман бир туугандар!

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Бишкек шаардык мэриясынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун  талаптарына ылайык жана калаада COVID-19 коронавирус инфекциясы көбөйүп, эпидемиологиялык кырдаал курчуп жаткандыгына байланыштууКыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Аалымдар Кеңешинин макулдугу менен 2021-жылдын 30-апрелинен баштап, абал турукташканга чейин Бишкек шаарынын аймагындагы мечиттерде жума намазын окууну убактылуу токтотуп турат.  Ошондой эле 30-апрелден тарта дааватка чыгуучулардын жалпы каттоо иштерине убактылуу чектөө киргизилет. Буга чейин Бишкек шаарындагы мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө киргизилген чектөө күчүндө калтырылмакчы.  

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкрамалыгы жарандарыбызды туура түшүнүү менен кабыл алып, оорунун алдын алууга жардам берүүлөрүн өтүнөт.

Мындан улам КМДБ жарандарыбыздан мечиттерге келүүдө:

  • Беткап тагынуусун
  • Дене табын текшертүүсүн
  • 1,5 метрлик аралыкты сактоосун
  • Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоону
  • Жаш балдар, кары-картаңдар, ооругандар, дене табы көтөрүлгөндөр мечитке келбей туруусун өтүнүп, кол алышып, кучакташып көрүшпөй турууга чакырат.
  • Беш убак намаздарды сактык чараларын көрүү жана аралыктарды сактоо менен окуйлу!

Аллах Таала бул дүйнөнү сыноо жайы кылып жараткан. Кээде жакшылык менен, кээде жамандык менен, кээде ден соолук, кээде оору менен сынайт.

Урматтуу мекендештер! Адам баласынын жанын,  мал-мүлкүн, ишенимин, аброюн, ден соолугун сактоо динибиздин негизги максаты. Ошондуктан, ден соолукка коркунуч жаралган абалда, шариятыбыз өзүнүн көрсөтмөлөрүндө жеңилдиктерге уруксат берген. Ислам динибиз оордукка эмес, жеңилдике негизделген.

Алла Таала: “Алла силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт” (Бакара, 185), ошондой эле башка бир аятта “Өзүңөрдү өз колуңар менен өлүмгө таштабагыла” (Бакара, 195) – деп буйруган.

Ал эми Пайгамбарыбыз (САВ) хадисинде  “Өзүңө да, өзгөгө дагы зыян бербе” — деп айткан.  Демек, адам  өзүнө зыян болчу нерселерден жана башкаларга зыян берүүдөн сак болуусу зарыл. 

Жараткан Алла Таала элибизди, мамлекетибизди, бүткүл адамзатты ар кандай жамандыктан, апаат-балээден, бардык оорулардан жана өзгөчө коронавирустан сактасын.