Жоробай ажы Шергазыев Татарстан Республикасындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Бейшембек Мукамбетов менен жолугушуп, мекендештерден кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Татарстан Республикасындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Бейшембек Мукамбетов менен жолугушту.

Жолугушууга Татарстан Республикасында эмгектенип жүргөн мекендештер катышып, Азирети Муфтийдин  милдетин аткаруучу ыйык Рамазан айы, Ислам дининин баалуулуктары, үй-бөлө жана тарбия темаларында баяндама жасап, иштерине ийгиликтерди каалады.

“Ислам тынчтыктын, биримдиктин дини. Андыктан кайсыл гана мамлекетте болбойлу, ал өлкөнүн мыйзамдарын сактап, үлгү бололу. Муну менен катар диний баалулуктар боюнча расмий булактардан маалымат алып, эң негизгиси келечек муундардын тарбиясына маани берели”,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Диаспора төрагасы менен болгон жолугушууга КР ДИМК директору Медер Карабаев, КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев катышты.